Menu

Москва олимпиадасына 40 жыл. Москва олимпиадасы – Кыргыз спортунун туу чокусу

Бөлүшүү:

Мезгилдин учкулдугун караңыз. Москва олимпиадасы кечээ эле болгондой элес калтырат. Андан бери жылдар жылга жалгашып 40 жыл өтүптүр. Ошол жылы төрөлгөн балдарга чемпиондордун урматына Каныбек, Александр, Сатымкул, Николай, кыздарга Татьяна деп ырымдап ат коюлуп, учурда алар эл кызматындагы азаматтардан болгон чагы. Чынында эле 1980-жылкы Москва олимпиадасы айрым спорт күйөрмандардын, адистердин көз алдында дале элеси эстен чыкпай, кыргыз спортунун  туу чокусу, бийиктиги катары бааланып келатат. Ошентип айлар айга зымырап, арадан 40 жыл өтүп, 2020-жылы  Москва шаарында өткөн жайкы олимпиадалык оюндарынын 40 жылдык мааракеси учурдагы коронавирус жана пандемия илдеттеринен улам салтанаттуу белгиленбей калганы турат. СССРдин курамындагы Кыргызстан дагы Москва олимпиадасында 5 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңип, кыргыз спортунун эң бийиктигине жетишкен. Ошондуктан спорттук баяндамачы, жазуучу Кабыл Макешов  1980-жылкы Москва олимпиадалык оюндарында жылдызы жанып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиада чемпиондорубуз даңазалуу мерген  Александр Мелентьев, атактуу оор атлетчи Каныбек Осмоналиев,  белгилүү жеңил атлетчи Татьяна Колпакова,  ат спорт чебери Александр Блинов,  жөө күлүк Николай Чернецкий, марафондук жарышта коло медаль уткан дубанды жарган дулдул  Сатымкул Жуманазаров, фехтование мелдештерде күмүш байге уткан  Александр Абушихметов, олимпиада оюндарда байгелүү бешинчи орунду камсыз кылган Марина Сысоева спорттук тагдырлары, өмүр таржымалдары жана олимпиадалык бийиктиктери, спорттогу каармандыктары тууралуу  “Москва олимпиадасы-Кыргыз спортунун туу чокусу” аттуу китепти 3 ай мурда жазып бүтүп, каржы маселесинен улам жарык көрбөй турат.  Москва олимпиадасы жана анын каармандары тууралуу ушул китептен үзүндүлөрдү жарыялап, калктын маанайын көтөрүүнү эп көрдүк. Алгач  Москва олимпиадасы тууралуу бөлүмгө назар салыңыздар.  Кийинки бөлүктөрдө Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, олимпидалык бийиктиктерди багындырган даңазалуу спортчуларыбыз тууралуу сөз болот.

1980-жылкы жайкы Олимпиада оюндары

1980-жылкы жайкы Олимпиада оюндары 19-июлдан 3-августка чейин СССРдин борбору Москвада болуп өткөн. Бул тарыхта биринчи жолу Батыш Европада өткөн биринчи олимпиада оюндары болгон эле.

1980-жылкы олимпиаданын бир бөлүгү Советтер Союзунун башка шаарларда өткөн. Атап айтсак парус регатасы Таллинде башталган. Ал эми футбол боюнча  мыктыларды иргеп алдын алуучу оюндар жана жарым финал Минск, Киев, Ленинград (учурда Санкт-Петербург) шаарларында болгон. Ошондой эле ок атуу боюнча мелдештер Москва алдындагы «Мытищя» шаарында өткөрүлгөн.

1979-жылы Ооган  өлкөсүнө совет аскерлери киргизилгендигине байланыштуу 50гө жакын мамлекет олимпиада оюндарына келбейбиз дешип, бойкот жарыялаган. Бойкот кылган  өлкөлөрдөн келген кээ бир спортчулар Москва шаарындагы олимпиадалык оюндарга катышып,  алар Эл аралык олимпиада желеги менен чыккан. Ушуга чейинки бойкот  Африканын 29 мамлекеттери арасында 1976-жылкы Монреаль олимпиадасына дагы жасалып, андан кийин 1984-жылы Лос-Анджелестеги жайкы Олимпиада оюндарына 13 мамлекет катышпай калышкан.

Олимпиаданын борборун тандоо

1980-жылы өтө турган жайкы олимпиаданын борборун тандоо чечимин Эл аралык олимпиада комитети (ЭОК) 1974-жылы 23-октябрында Вена шаарында өткөн Конгрессте кабыл алган.

Москва шаарында жайкы олимпиада оюндарын өткөрүү идеясын 1969-жылы СССР спорт комитетинин төрагасы Сергей Павлов сунуштап, демилге көтөргөн. Ошол убакта добуш берүүнүн жыйынтыгы Канаданын Монреаль шаарынын жеңиши менен аяктаган.

Андан кийин бир нече жыл өткөн соң  Сергей Павлов өлкө башчылыгын Москванын талапкерлигин дагы бир ирет коюуну ынандырган. Сергей Павловдун Эл аралык спорт аренадагы кадыр-баркы аркылуу Москва жеңишке жетти. ЭОК добуш берүү эң акыркы этабында Москва менен Лос-Анджелестин ортосунда тандоо кылыш керек эле , жыйынтыгында 39 добушу менен Москва алдыга чыгып, олимпиада оюндарын өткөрүү укугуна ээ болгон. Биринчи жолу жайкы олимпиада оюндары социалисттик мамлекетте өткөрүлүшү да ошол учурда саясый жактан зарыл болгон.

1975-жылы  спорт ишмери Игнатий Новиков «Олимпиада-80»  уюштуруу комитетин түзүп, СССР комитетинен Олимпиада оюндарын өткөрүү жана даярдоо боюнча укук жана милдеттерди өз колуна алган.

 

Добуш берүү жыйынтыгы
Өкүлдөр Өлкө 1-чи раунд
Москва  СССР 39
Лос-Анджелес  АКШ 20

Олимпиада отунун эстафетасы

 Бардык олимпиада оюндарынын эң негизги символу болуп Олимпиада оту  эсептелинет. 1980-жылдын 19-июнда олимпиада оюндарынын ачылышына бир ай калганда, салт боюнча олимпиада оту оюндардын башаты болгон Грекиянын Олимп тоосунда күндүн нурунун жардамы менен жагылышы керек эле. Бул жөрөлгө расмий аткарылып, Грекияда от тутанып,  эстафетанын жалпы аралыгы 4992 километрди түзгөн. Грекиянын аймагындагы эстафетанын узундугу – 1170 км. Болгариянын аймагы аркылуу от 935 км басып өткөн. Румыниядагы эстафетанын  узундугу – 593 км болгон.

1980-жылы 5-июлда  олимп оту Молдова ССРинин Леушен өрөөнүндөгү Советтер Союзунун чек арасына келип,  СССРдин аймагына өтүп,  2294 километр жол басып өткөн. Молдова ССРиндеги Кишинев, Бельцы, Единцы ж.б шаарларында эстафета уланган. Украина ССРинде Черновцы, Винница, Житомир, Киев, Полтава жана Харьков  шаарлары аркылуу жол жүргөн. РСФСРдин эстафета жолу Тула, Белгород, Орел, Курск, Чехов, Подольск шаарлары аркылуу сапарын уланткан.

Олимпиада отунун эстафетасы Москва шаарында  Минск жана Можайск шосселеринин кесилишинде, андан кийин Триумф аркасынан Кутузов проспектинен көтөрүлүп, Октябрдын 50-жылдык аянтындагы салтанаттуу аземине ЭОК өкүлдөрү,  Эл аралык спорт федерациялардын, Москва администрациясынын төрагалары, жетекчилери да катышкан. Олимпиада оюндарынын ачылышына чейинки түнү от Горький көчөсүндөгү МосСоветтин имаратында болгон. Ачылыш күнүндө Олимп отун Маркс, Волхон проспекттеринде, Метростроевский көчөсүндө, Комсомол проспектинде эстафеталык жүрүш менен  көтөрүшүп, андан соң (шамананы) факелди олимпиада отун көтөргөндөр Лужники стадионуна багыт алышкан.

Мелдештерди уюштуруу машакаты

Москва шаарынын башкы планына ылайык, Олимпиада оюндарына даярдык көрүү боюнча 1975-1980-жылдары 20 спорттук жана башка объектилерди курулган жана   айрымдары заманбап талаптарга ылайык кайра калыбына келтирилди.  Алардын катарында Тынчтык проспектисиндеги “Олимпиадалык»  спорт комплексин,  Ленин атындагы Борбордук стадионун (учурда Лужники) , “Останкино” АСК-3 теле борборун , Шереметьево-2 аэропортун,  Ленинград шаарындагы Киров атындагы стадионун, Киев шаарындагы республикалык стадионун, Минск шаарындагы “Динамо” стадионун, Таллин шаарындагы  Теле мунарасын, Таллин олимпиадалык Парус спорт борборун бөлүп кароого болот.

Таллин шаарында 1980-жылы олимпиада оюндарынын алкагында бардык  парус спорт мелдештери өткөн. Олуттуу чыгымдарды эске алуу менен, СССРдин ошол учурдагы жетекчиси Леонид Брежнев “ Машакаттуу чыгымдар толугу менен СССРдин бюджетине түшөт” деп нааразы болгон. Мелдештерди өткөрүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн уюштуруу комитети олимпиадалык лотереяларды уюштурган эле.

СССРдин  бүткүл аймагында Олимпиадалык оюндарды  жана олимпиадалык кыймылды жайылтуу максатында  спорт адабияттар жазылып, спорт почта маркалары,  олимпиадалык тыйындарды, төш белгилерди, плакаттары жана сувенир-белектер жасалган.1977-жылы Прага шаарында Эл аралык олимпиада комитетинин 79-сессиясында Кизляр коньяк заводу 1980-жылы жайкы Олимпиада оюндарына “Олимпик” аталышындагы  расмий суусундук жасоого макулдашууга жетишилген. Ал андан кийин эл аралык олимпиадалык кыймылдын белгилер менен бул суусундук дүйнөлүк аренага таанылмак. Тилекке каршы бул иш-чаралар Ооганстанда СССРдин армиясы киргенине шылтоо кылынып,  ошол учурдагы  саясаттын айынан кеңири жайылбай, ишке ашпай калган эле.  Москва олимпиадасынын  СимволикасыМосква Олимпиадасынын эн белгиси, тумары олимпиадалык “Мамалак” болуп калды, эмблеманын, тумардын автору – москвалык, балдар китеп иллюстратору Виктор Чижиков болгон.Таллиндеги парус спорт мелдештеринин турмары – “Вигри” аталган тюлени   тандалган.Москва олимпиадасынын эмблеманын автору ( алдында беш Олимпиада шакек,  анын үстү жагында  спорттук бийиктикке багыт алган, жеңиштерге умтулган үч жарыш кызыл сызыктар, жогорку жагында Кремлдин Спасская мунарасындагы жылдызы ) – В.Арсентьев. Ал 1976-жылдан кийин Строганов окуу жайынын студенти болуп калды. Эмблеманы В.Акопов жана В.Диаканов  толуктап иштеп чыккан.В.Арсентьевтин авторлугун Виктор Никитиченко чатак кылып талашкан. Бирок Арсентьевтин авторлугу көп сандаган архивдик иш кагаздары жана эскиз кошумчалары менен далилденет. Олимпиада-80 белгиси совет дизайнынын бирден бир мыкты үлгүсү катары эсептелинип, «Строгановка. Орус дизайнына 190 жыл» монографиясына киргизилген.Спорттук мелдештердин ар кандай пиктограмма системасын ленинграддык сүрөтчү Николай Белков иштеп жана патенттеп чыккан. Дизайндын иштелип чыгышын жана 80-олимпиада шаманасынын (факелинин) жайлаштыруусун Москва оюндарынын демөөрчүлөрүнүн бири болгон жапон компаниясына тапшырылган.Бирок,  алардын камыш түрүндө шаманадай сунуштаган үлгүсү жактырылбай Климов атындагы Ленинграддын Машина куруу заводуна кайра жасап чыгуу милдети жүктөлгөн. Жапондор кечирим сурап, 30 миң АКШ долларын айып катары төлөп беришкен.Олимпиада Шаманасы (факели)  бир айдын ичинде, кыска  рекорддук мөөнөттө  иштелип чыккан. Мухин атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын сүрөтчүлөрү шамананын дизайнын иштеп чыгып, ошондой эле Климов атындагы заводдо Борис Тучиндин көзөмөлүндө  чогултулган.Шамананын узундугу абдан ыңгайлуу жана жарашыктуу болду: узуну 550 мм жана салмагы 900 грамм. Материалы: алюминий, болот, капрондон жасалган газ бөтөлкөсү. Биринчи алгачкы шамананы (факелди) 2014-жылы Сочидеги Олимпиада оюндарынын алдында Россия Федерациясынын президенти   В.Путинге  белек катары тапшырышкан.  Ушул учурга чейин шамана заводдун музейинде сакталып турган. Москвадагы курулган спортук имараттарАтайын Олимпиадага 78 имарат курулган, алардын арасынан: «Олимпийский» спорт комплекси;Крылатскийдеги ачык велотрек;Узундугу 13,6 км болгон Крылатский дөңсөсүндөгү айланма трасса;Битцевский токоюндагы ат спорт комплекси;Лавочкин көчөсүндөгү «Динамо» спорт ордосу;Шереметьево аэропортундагы № 2 терминал;«Космос» мейманканасы;«Измайлово» мейманкана комплекси;Олимпиада айылы;Останкино теле борборунун жаңы корпусу;Зубовский бульварындагы олимпиадалык басма сөз борбору (учурда РИА Жаңылыктар агентигинин имараты)  Ошондой эле аймактардагы айрым имараттар реконструцияланып, кайра куруу жүргүзүлгөн. Алардын катарында:Лужниктеги В.И Ленин атындагы Борбордук стадион;«Динамо» борбордук стадиону;Крылатскийдеги кайык спорт каналы;«Сокольники» спорт ордосу

Ленинград, Киев, Минск, Таллин шаарларындагы курулуштар

1975—1980-жылдары олимпиадалык оюндарга даярдык көрүүнүн алкагында   ЛенинградКиевМинск жана Таллин  шаарларында 15 спорттук имараттар курулуп, айрымдары кайра реконструкцияланган. Алардын айрымдары атап өтсөк: Ленинграддагы Киров атындагы стадион, Киевдеги Республикалык стадион, Минскидеги «Динамо» стадиону, Таллиндеги теле мунара жана Олимпиадалык парус спорт борбору олимпиаданын шарапаты менен курулган.

Коопсуздук иш-чаралары

1977-жылы июнда СССРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин  5- Башкармалыгында атайын 11-бөлүм түзүлүп,  Москва олимпиадасындагы иш-чаралар учурунда  коопсуздукту камсыз кылуу милдети жүктөлгөн.

Спорт түрлөрүМосква олимпиадасынын мелдештери спорттун 21 түрү боюнча өткөрүлгөн. Кашада ойнотулган байгелердин сандары көрсөтүлүп турат:

·          Калак менен сүзүү (14)

·          Баскетбол (2)

·          Бокс (11)

·          Күрөш (20)

·          Велоспорт (6)

·          Суудагы поло (1)

·          Волейбол (2)

·          Гандбол (2)

·          Байдарка жана каноэде сүзүү (11)

·          Дзюдо (8)

·          Ат спорту (6)

·          Жеңил атлетика (38)

·          Парус спорту (6)

·          Сууда сүзүү (26)

·          Сууга секирүү (4)

·          Заманбап беш түрдүүлүк (2)

·          Спорт гимнастикасы (14)

·          Жаа атуу (2)

·          Ок атуу (7)

·          Оор атлетика (10)

·          Кылыч чабышуу (8)

·          Футбол (1)

·          Чөп үстүндө хоккей (2)

Медалдардын жалпы 203 топтому ойнотулган. Алардын ичинен, 150 жеке таймашуулар болсо, ошондой эле 53 командалык мелдештердеги байгелер болуп саналган. Москва оюндарында өткөн олимпиадаларга салыштырмалуу жаңы спорт түрлөрүн киргизүү сунуш кылынган. Алар:

Жеңил атлетика – 50 км спорттук басуу (Жадыбалга кайра кошулган).

Оор атлетика – 1- салмак категориясы, эң жеңил салмак.

Дзюдо – мурдакы оюндарда мелдеште 6 салмак категория менен өткөрүлгөн болсо  Москва оюндарынан баштап жаңы 8 салмак категориясы кошулууда.

Чөп үстүндө хоккей – аялдар курама командасынын мелдештери.  Эң көп байгени жеңил атлетика (114) жана сууда сүзүү спорту (78)  боюнча жеңүүчүлөр алышкан.Оюндарга каршы бойкотВаршава келишими менен НАТОнун ортосундагы саясий тирештен улам Ооганстанга СССРдин аскерлерин жайгаштыруудан кийин, кээ бир өлкөлөрдө  Москва олимпиада оюндарына бойкот жарыяланды. Олимпиада оюндарына 65 өлкө, анын ичинде Америка Кошмо Штаттары, Канада, Түркия, Түштүк Корея, Жапония, Малайзия,  Федеративдүү Германия жана башка мамлекеттердин командалары катыша алган эмес, анткени менен алардын айрым спортчулары жайкы олимпиада оюндарына даярдыктары мыкты, күчтүү болушкан. Бир нече он жылдыктан кийин Кытай алгач ирет   жайкы Олимпиада оюндарына катышууну пландап, даярдык көрүп, максат кылган. Бирок Москвадагы Олимпиадага бойкот жарыялап, катышуудан баш тарткан.  Улуу Британия, Франция жана Грекиянын айрым спортчулары өз өлкөсүнүн олимпиада комитетинин уруксааты менен жекече тартипте Москва олимпиадалык оюндарына келишкен. Мурдакы олимпиадаларга салыштырмалуу алардын катары саналуу эле. Батыш Европадан Италиянын командасы гана барандуу келип, ошондой болсо дагы Италиянын армиясында кызмат кылган спортчулары келишкен эмес.  Олимпиаданын ачылыш жана жабылыш салтанаттарында 14 команда (АвстралияАндорраБельгияУлуу БританияНидерландияДанияИрландияИталияЛюксембургПортугалияПуэрто-РикоСан-МариноФранция жана Швейцария)  Эл аралык олимпиада комитетинин (ЭОК) желеги менен чыгышкан. Бул  өлкөлөрдүн командалары өз мамлекетинин туусу астында чыкпай, Улуттук олимпиада комитетинин (УОК)  наамын көрсөтүп чыгышкан. Мисалы: Италия УОК, Испания УОК,  ж.б.. Ал эми жеңишке жетишкен учурда өз өлкөсүнүн Гимни ойнолбой, ЭОКтун Гимни ойнолгон. Ошондой болсо дагы Батыш Европа өлкөлөрүнөн

АвстрияГрекияМальтаФинляндияШвецияИсландия жана Кипр мамлекеттери гана өздөрүнүн улуттук желектери менен мелдештерге катышкан. Ал эми Москва олимпиадасынын жабылыш аземинде Лос-Анджелес шаары эстафетаны кабыл алыш үчүн АКШнын желеги менен чыкпай шаардын туусун көтөрүп чыгышкан.

Москва олимпиадасынын ачылышына 3 күн калганда 16-июлда  АКШнын Филадельфия  шаарында  29 өлкөнүн спортчулары катышкан «Олимпиадалык оюндарга бойкот»  (англ. Olympic Boycott Games, официально — Liberty Bell Classic) аталышындагы мелдештер уюштурулган. Ал мелдештерге АКШ,  КытайКанадаЕгипетТаиландФРГКенияСудан жана башка өлкөлөрдүн спортчулары катышкан. Андан кийин  4 жыл өткөн соң социалисттик мамлекеттер  Лос-Анджелес олимпиадалык оюндарына бойкот жарыялап, «Достук-84» мелдештерин уюштурган. Мына ушундай жагымсыз окуянын айынан Монреаль олимпиадасына Африка континентиндеги 24 мамлекет да катышпай калышкан.

Оюндардын катышуучулары

Жайкы олимпиада оюндарынын тарыхында алгач ирет  АнголаБотсванаИорданияЛаосМозамбик жана Сейшель Аралдары, Кипр  мамлекеттери  катышып, кийинки оюндарга жолун ачкан.  Бул өлкөлөрдөн Кипр гана 1980-жылы    Лейк-Плэсиди кышкы олимпиадасына катышкан.  Мурда Цейлон аталган Шри-Ланка, Дагомей аталган Бенин, Родезия аталган Зимбабвия  өлкөлөрү жаңы аталышы менен катышкан. Москва олимпиадасына 80 өлкөнүн  5179 спортчулары (алардын 1115и кыз-келиндер болгон)  катышып, 203 комплект байгелер үчүн таймашуулар курч мүнөздө өткөн.

Олимпиаданын ачылыш аземи

-XXII Олимпиадасынын Уюштуруу комитетинин суранычы боюнча гидрометерологиялык маалыматтын Бүткүл илимдерди изилдөө институту 100 жылга чейинки Москва аба-ырайынын кароо жыйынтыктарын алган. Ошондон кийин Москвада июль айынын экинчи жарымында жана августтун башында күн жылуу жана ачык болот деген чечим кабыл алынган жана ушул убакта олимпиадалык мелдештерди өткөрүү зарыл эле. XXII Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи 1980-жылы 19-июлда башталган. Ачылыш аземди өткөрүү үчүн В.И.Ленин атындагы Борбордук (Лужники) стадионунун чоң аренасы тандалган.

-Лужникидеги стадионго олимпиадалык от менен факелди көтөргөн олимпиаданын үч жолку чемпиону Виктор Санеев чуркап келген. Ал стадионду үч жолу айланып, 1972-жылкы олимпиадалык чемпион жана баскетболчу Сергей Беловго факелди берип, ал Олимпиада отун жандырган.

-Батыш трибунанын катарында импровизациялык ак калкандуу жолчо пайда болуп калган. Баардык катышуучулардын атынан олимпиадалык антты Монреалдагы олимпиадалык оюндардын чемпиону, гимнаст Николай Андрианов, ал эми калыстар катарынан атак-даңктуу совет балбан, олимпиада чемпиону Александр Медведь салтанаттуу кырдаалда берген. Стадиондун маалымат таблосунда совет убагындагы Леонид Попов менен Валерий Рюмин аттуу учкуч-космонавттардын сүрөтү чыккан. Алар космос мейкиндигинен куттуктоо менен спортчуларга кайрылып, аларга ийгилик каалашкан.

-Ырааттуу түрдө олимпиадалык командалар стадиондун тегеретмесинде салттуу марш менен салтанаттуу келишкен. Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Лорд Килланин спортчуларга жана бойкотко карабай келген конокторго ыраазычылыгын билдирди. Андан кийин КПСС БКнын Генералдык секретары, СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы Леонид Ильич Брежнев XXII жайкы Олимпиадалык оюндарын ачык деп жарыялаган.

-Ачылыш аземинин 3 саат созулган бий жана спорттук көрсөтмөлүү оюн-зоок, кубулуштарга 16 миңден көп спортчулар, көркөм чыгармачылык жана кесипкөй ырчылар катышкан. Азылыш аземди белгилүү дикторлор Валентина Леонтьева жана Александр Каверзнев алып барган.

Жабылыш аземи

-XXII Олимпиадалык оюндарынын жабылыш аземи В.И.Ленин атындагы Борбордук стадионунда өткөрүлгөн. ЭОКтун  Олимпиадалык желеги Олимпиадалык гимндин жаңырыгы менен жай ылдый түшүрүлгөн.  Олимпиадалык оттун элеси менен Э.Артемьезевдин «О спорт – сен түбөлүк прогрессиң» аттуу оданы аткаруусунда кыздар  келип, байыркы грек фресканы элестеткен композицияны аткарышкан. Ошентип олимпиадалык от уламдан-улам жай өчкөн.

-Көркөм экранындын фонунда Мишанын, Олимпиада-80 символунун элеси чагылдырылган. «Ак жол!» деп жазылып, мамалактын көзүнөн жаш агып,  миңдеген күйөрмандарды дагы ыйлаткан . Стадиондун айланасында марш коштоосунда тизилген оркестр сахнага чыккан. Андан кийин өзүнүн спорт түрүнөн ар бир спортчу көрсөтмөлүү көнүгүүлөрдү жасашкан.

-Жабылыш аземинин эң аягында теле көрүүчүлөрдү жана конокторду баары билген белек күткөн. Композитор Александра Пахмутова менен акын Николай Добронваровдун «Кош, Москва» аттуу ырына ар түркүн шариктерди кармап, олимпиадалык символ чоң Мишака абага калкыды. Коштошууда ал кол булгалап, жайдан стадиондун үстүнөн Москванын түнкү асманында бүлбүлдөп көрүнбөй калганга чейин асманга көтөрүлгөн.

-Ыр аткаруусунда көпчүлүк күйөрмандар да ыйлаган.

-Москва Олимпиада оюндарынын ачылыш жана жабылыш аземинин сценарийин иштеп чыгуу, даярдоо жана режиссердук иш-аракеттердин бардыгын Иосиф Туманов жана спорт бөлүмүнүн башкы директору Борис Петров жетектеген өндүрүштүк-чыгармачылык топ иштеген.  Башкы режиссердун орун басары – Михаил Перльман. Спорт бийин койгон – Юрий Григоривич. Алып баруучулар – Александр Иваницкий жана Николай Озеров болгон.

Оюндардын мелдештери жана каармандары

Мелдештерди бойкоттогон жогорку чеберчиликтеги спортчулардын катышпагандыгына карабастан, Олимпиадада жогорку жетишкендиктер арбын болгон. Бардык 5 континентти тааныткан спортчулар 14 күндүн ичинде 74 олимпиадалык, 39 европалык жана 36 дүйнө рекордоруе жаңыртышкан.

-Олимпиаданын алгачкы күнү кыргызстандык мерген Александр Мелентьев 34 жыл эч ким жаңырта албаган дүйнөлүк рекордду 50 м аралыкта тапанча атууда жаңыртып, олимпиада чемпиону болгон.

-Советтик суучул Владимир Сальников үч алтын медаль жеңип алган. Ал эркин ыкма менен 1500 метр аралыкты 14 мүнөт 58,27 секундда сүзүп өткөн.

-Гимнаст Александр Дитятин сегиз гимнастикалык программа түрүнөн 8 медаль утуп алса, алардын ичинен 3 алтын байге болгон. Ушуга чейин бир да гимнаст мындай ийгиликке жете алган эмес.

-Советтик саблисттер Виктор Кровопусков менен Виктор Сидяк Москвада өздөрүнүн төртүнчү алтын байгелерин утуп алышкан. Кровопусков экинчи ирет Олимпиада оюндарында командалык жана жекеме эсепте биринчиликти алган, ал эми Сидяк болсо катары менен 4 Олимпиада оюндарда  алтын медаль тагынып, 4 жолку чемпион аталган.

-18 жаштагы батыш германиялык спортчу кыз Биргит Фишер 500 метр аралыкта жалгыз-байдарка жарышында марага озуп келген. Бул анын 8 Олимпиадалык алтын медалдардын биринчиси болсо, 24 жылдан кийин Афинадагы Олимпиада оюндарында  акыркы алтын байгенин ээси болгон.

-Советтик гимнастка Нелли Ким 1976-жылы Монреалда болуп өткөн оюндарда уткан 3 алтын медалга дагы 2 алтын байгени Москвада кошту. Ушундай жетишкендик Москвада өткөн устундагы көнүгүүдө дагы жеңип, Нелли Ким менен румын спортчусу Нади Команечи экөө гана 5 жолку олимпиада чемпиону болуп, башкаларга өрнөк болушкан. Ошондой эле советтик гимнастка Елена Давыдова жекеме эсепте баардык атаандаштарынан алдыга озгон  абсолюттук Олимпиада чемпиону аталган. Советтик гимнаст Александр Дитятин  абсолюттук Олимпиада чемпиону аталып, ал 3 алтын, 4 күмүш жана 1 коло медалдын ээси болгон.

-Эфиопиялык жөө күлүк Мирус Ифтер 5000 жана 10000 метр аралыктарда марага биринчи келип, 2 алтын медаль тагынган.

-Англиялык жөө күлүктөр Стивен Оветт менен Себастьян Коэ айырмаланып, 1500 жана 800 метр аралыктарда олимпиада чемпиондору аталып, адистердин көңүлүн бурган.

-Олимпиада оюндарынын эң жаш катышуучусу13 жаштагы анголиялык суучул Жорже Лима болуп, ал 100 жана 200 метр аралыкка сүзүүдө катышып, эң акыркы орун алган. Андан сырткары Лима Ангола курама командасында 4х 100 м эркин ыкмадагы эстафетага чыгып, ошондой эле акыркы орунга илинген.

Олимпиаданын эң улуу катышуучусу 70 жаштагы болгар кайык сүзүүчүсү Красимир Крыстев болгон. Эң кызыгы эң улуу жана жаш спортчу  үчүн Москвадагы оюндар карьерасында эң биринчи оюндары болгон.Байгелер статистикасы

Москвада алтын байгени 25 УОКту тааныткан атлеттер алган. 36 УОКтун  өкүлдөрү оюндардын жеңүүчүлөрү аталган. Алтын байгенин жарымынан көбүн СССР жана ГДР спортчулары ээлеген. 10 УОК  бир дагы байгелүү орундарга илинбей куру кол кетишкен.

Ошондой эле, польшалык спортчуларынын ийлигиктерин баса белгилеп айтсак болот. Себеби алар уткан 32 байгенин ичинен 3 алтын эле . Айрым Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ичинен, анын Олимпиада тарыхындагы ири сандагы байгелерге, Москва Олимпиадасында гана  ээ болушкан. Андан кийин мындай ийгиликтерди кайталай алышкан эмес, тактап айтканда, Болгария жана Польша биринчи жолу ушундай олимпиадалык ири байгелердин ээлери болушту. Москвада бразилиялыктар тарыхта биринчи жолу олимпиадалык алтын медалдардын эсебин ачып, 2 алтын байге ээси болду. Зимбабвиялыктар олимпиада оюндарынын тарыхындагы өздөрүнүн биринчи  алтын медалын жеңген. Испандыктар 1928-жылдан бери жайкы Олимпиада оюндарында биринчи алтын медаль жеңип алган. СССРдин курамындагы Кыргызстан дагы Москва олимпиадасында 5 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңип, кыргыз спортунун эң бийиктигине жетишкен. Кыргызстандык спортчулардын ийгиликтери тууралуу китептин кийинки бөлүктөрүндө кеңири сөз болот.

 

1980 жайкы олимпиадалык оюндар
УОК Алтын Күмүш Коло Баардыгы
1  СССР 80 69 46 195
2  ГДР 47 37 42 126
3  Болгария 8 16 17 41
4  Куба 8 7 5 20
5  Италия 8 3 4 15
6  Венгрия 7 10 15 32
7  Румыния 6 6 13 25
8  Франция 6 5 3 14
9  Улуу Британия 5 7 9 21
10  Польша 3 14 15 32
11  Швеция 3 3 6 12
12  Финляндия 3 1 4 8
13  Чехословакия 2 3 9 14
14  Югославия 2 3 4 9
15  Австралия 2 2 5 9
16  Дания 2 1 2 5
17  Бразилия 2 0 2 4
18  Эфиопия 2 0 2 4
19  Швейцария 2 0 0 2
20  Испания 1 3 2 6
21  Австрия 1 2 1 4
22  Грекия 1 0 2 3
23  Бельгия 1 0 0 1
24  Индия 1 0 0 1
25  Зимбабве 1 0 0 1
26  Түндүк Корея 0 3 2 5
27  Монголия 0 2 2 4
28  Танзания 0 2 0 2
29  Мексика 0 1 3 4
30  Нидерландия 0 1 2 3
31  Ирландия 0 1 1 2
32  Уганда 0 1 0 1
33  Венесуэла 0 1 0 1
34  Ямайка 0 0 3 3
35  Гайана 0 0 1 1
36  Ливан 0 0 1 1

Москва Олимпиадасын жеринен чагылдыруу үчүн дүйнө жүзүнөн 5651 журналист келген. Оюндарды 111 өлкөнүн 2 млрд. калкы теле көрсөтүүлөр аркылуу көрүп, күйөрман болушкан.

Эскертүү: кыскартылып берилди. Кийинки бөлүктө кыргызстандык олимпиада чемпиондору, байге ээлери тууралуу кеңири баяндалат)

Кабыл Макешов, КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы

Атайын KyrgyzToday үчүн даярдалды

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: