Menu

Айбек Бузурманкулов: “Кыргызстанда баасы $100 млрд алтын турса аны чет элдик компанияларга тонотуп коюп, өзүбүз карыз сурап жүрөбүз”

Бөлүшүү:
Алтын баасы 1 унциясы 1780долларга чыкты.
Кызык элебиз.
100 млрд. долларга жакын алтындарыбызды чет мамлекеттик компанияларга тонотуп койуп, кайра алардын мамлекеттеринен карыз сурап, үстөк пайызы менен төлөп келебиз? Эмне үчүн бул маселе коомчулукту, жигерлүү жарандарды кызыктырбайт. Алтынды сатууда эч маселе жок 24саат бою сатсаң болот. Баасы күн сайын өсүүдө. Талап чоң , атаандаштык жок. Бир гана өндүрүш керек. Өндүрө турган ишканабыз да бар. Ал “Кыргызалтын” ААКу.
Колдо бар алтынды талатып койуп, ооруканаларды, мектептерди, жолдорду курууга акча жок деп, карыз сурап жүргөнүбүз акылга сыйбаган нерсе. Кээ бир активистер алтын кендерибизди өзүбүз иштетели деген талапты койгондун ордуна, кайра эле карапайым элден акча чогултуп жүрөт.
Мамлекет кыла турган ишти мамлекет кылыш керек, биздин милдет талап кылуу! Мамлекеттик аткаминерлер элдин ырыскысын сатып байыш керек экен, ал эми эл байкуш өзүн өзү багыш керек экен да? Эмне деген адилетсиздик? Эмне деген теңсиздик? Маселенин тамырын, өзөгүн талкуулайлык! Жеңил ой нерселерди талкуулаганды таштайлык! Ал жөн эле өзүбүздү алдап, убакытты жоготмой. Мээни иштетели! Терең ойлонолу! Маселенин жыйынтыгын эмес, себебин талкуулайлы! Проблеманы кечке кайталап айта бергендин ордуна, чечүү жолу сунуштайлы!
Элдин бийлиги – Элге!
Элдин байлыгы – Элге!
Айбек Бузурманкулов, Жер үй алтын кени боюнча элдик комиссиянын төрагасы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: