Бүгүн, 20-июлга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан 34 адам каза тапты. Мындай статистикалык маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Бишкек шаары – 20
Ош шаары – 1
Чүй облусу – 2
Ош облусу – 4
Нарын облусу – 3
Жалал-Абад облусу – 4
Муну менен өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 1037.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 20-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 27 143кө жетти. Илдеттен жалпы 13 109 жаран айыгып чыккан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ