Өзбекстанда Жаштар бирлигинин борбордук кеңешинин имараты карантинге алынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өз булактарына таянып билдиришти.
Маалыматка караганда, буга чейин кеңештин ондогон кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.
Мекеменин басма сөз катчысы Нодир Абдукодиров расмий түрдө илдетке чалдыккан кызматкерлердин саны «анча көп эмес экенин» билдирди.
«Эки кызматкер коронавирус жуктуруп алганы расмий аныкталды. Калгандары боюнча расмий аныкталганга чейин эч нерсе айта албайм», — деди ал.
Абдукодиров Жаштар бирлиги 10-июлдан бери онлайн иштеп жатканын, андан бери бир нече кызматкер гана жумушка барганын кошумчалады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ