Минскиде митинг болот экен десе, ишениш кыйын. Бирок кечээ, 6-октябрда ондогон кишилер Белорустун Орусияга кошулушуна каршы нааразычылык акциясын өткөрүштү. Расмий катталбаган «Элдик Грамада» партиясынын лидери, өзүн оппозициячыл санаган саясатчы Николай Статкевич: “Өлкөнү саттырбайлы!” деп белорустарды биримдикке чакырды.
Албетте, буга чейин Орусия менен Белорустун экономикалык интеграциясы тууралуу макулдашуулар кеңири жүрүп келгени белиглүү. Соңку кезде жыл аягында эки мамлекеттин экономикасы айрым тармактар боюнча биригип, бирдиктүү Салык кодекси жана Жарандык кодекс кирет экени да айтылып келет.
Москванын оозунан болсо, эки өлкөнүн интеграциясы тууралуу сөз түшпөсө да, буга байланшытуу документтердин долбоору ачыктала элек. Ал эми Белорусь өлкө башчысы Александр Лукашенко Орусия тарабынан кысым болуп жатканын бир нече ирет айткан жайы да бар.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ