Menu

Түркмөнстанда жогорку класстардын окуучулары пахта теримге чыгышууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстандагы пахта талаалары

Түркмөнстандын Лебап облусундагы Фарап районунда жогорку класстардын окуучулары пахта талааларына мажбурлап жөнөтүлүүдө. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактагы кабарчысы билдирди.

«Фарапта 9-10-11-класстардын окуучулары күн сайын пахта теримге чыгууда. Алар жарым күндөн иштеп жатышат. Түштөн кийин окугандар 7:30дан 12:00гө чейин, эртең менен окугандар 13:00дөн 19:30га чейин иштешет. Аткаминерлер пахтанын ар бир килограммы үчүн 20 теңгеден берилерин билдиришүүдө», — деди кабарчы.

Анын айтымында, окуучуларды пахта теримге жөнөтүүгө жумушчулардын аздыгы себеп болууда. Мындан улам облустагы башка райондордо жергиликтүү мамлекеттик ишканалардын кызматкерлери да пахта талааларына жөнөтүлүүдө.

«Пахта теримге Фараптагы чек ара тосотунун аскерлери да тартылууда. Алар 50дөн 10 топко бөлүнүп, кезектешип пахта терип жатышат», — деди ал.

Ал ортодо «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Мары облусундагы кабарчысы аймакта бюджетте иштеген кызматкерлер пахта теримге чыгууга милдеттендирилгенин билдирди.

«Бюджетте иштеген кызматкерлер пахта теримге өзүлөрү чыгып же жалданма жумушчулардын акысын төлөп бериши керек. Эгер алар күн сайын иштөөгө милдеттендирилсе күнүнө 30 манаттан, талаада түнөп иштөөгө милдеттендирилсе, анда 10-15 күнгө 500 манат төлөшү керек. Мекеме чогулган каражатты жергиликтүү акимчиликтерге тапшырып, бул акчага башка адамдар жалданат», — деди кабарчы.

Түркмөнстанда пахта терүү өнөктүгү быйыл 9-сентябрда башталган. Өткөн жумада көчөдө беткапсыз жүргөнү үчүн кармалган жарандар да пахта талааларына жөнөтүлүп жатканы кабарланган. Өлкөдө жарандар коомдук жайларда беткап тагынып жүрүүгө милдеттендирилген. Ошол эле маалда бийлик Түркмөнстанда коронавирус жуктурган бир да учур каттала электигин билдирип келет.

Эл аралык укук коргоо уюмдары менен АКШнын Мамлекеттик департаменти көптөгөн жылдардан бери Түркмөнстан бийлигин жарандарды мажбурлап иштеткени, анын ичинде балдардын эмгегин пайдаланы үчүн сындап келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: