«Манас» эл аралык аэропортуна бара жаткан жолдо велосипедчилерди сүзгөн айдоочу тергөө абагына камалды. Бул тууралуу журналисттерге Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1981-жылы туулган шектүү Ж.А. Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге 2 айга камалды. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.
Дарыгерлердин корутундусуна ылайык, кырсык болгон учурда айдоочу мас абалында болгон.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 30-июнунда эки велосипедчини унаа сүзүп кеткен. Жол кырсыгынын натыйжасында велосипедчилердин бири ошол жерден жан берген, экинчиси оор абалда ооруканага жаткырылган. Ал дагы алган жаракаттарынан улам каза болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ