Тышкы иштер министрлиги Кытайдагы элчилик менен биргеликте медициналык каражаттарын, анын ичинде COVID-19 коронавирус инфекциясын аныктоочу экспресс-тесттерди сатып алуу боюнча иштерди жүргүздү. Бул тууралуу илдетке каршы республикалык штабдан билдиришти.
Бүгүн, 25-мартта 112 500 долларга кошумча таажывирусту аныктоочу экспресс-тесттен дагы 30 миңди сатып алуу маселеси чечилди. Сатылып алынган тесттер Саламаттыкты сактоо министрлигине келип түшөт.
Буга чейин кыргыз өкмөтү өз акчасына 22 500 долларга 5 миң экспресс-тест сатып алган. Алардын көбү Жалал-Абад облусуна жөнөтүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ