Хирург, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Эрмек Носинов Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө көз жумду. Дарыгердин өлүмүнүн себеби айтылган жок.
Эрмек Носинов 1974-жылы Чүй облусунун Аламедин районундагы Карл Маркс совхозунда туулган. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган, андан кийин Улуттук госпиталдын Ахунбаев атындагы клиникасынын кан тамыр хирургиясы бөлүмүнүн базасында жалпы хирургия бөлүмүндө клиникалык ординатурасын аяктаган.
2006-жылы медицина илимдеринин кандидаты диссертациясын ийгиликтүү коргогон жана ага доцент наамы ыйгарылган.
2013-жылдан 2016-жылга чейин Ош бириккен аймактык ооруканасынын кан тамыр хирургиясы бөлүмүндө иштеген.
2016-жылдан бери доцент, Кыргыз-Россия университетинин жалпы жана факультеттик хирургия кафедрасынын башчысы, 2018-жылы Эл аралык медициналык жогорку мектебинин хирургия кафедрасынын доценти болгон. Ошондой эле чет элдик студенттерге сабак өтө баштаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ