Menu

Видео – Сагынбек Абдырахманов, КСДПнын лидери: “Депутат Иса Өмүркуловду мен же ары кет же бери кел деп атам”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-январда КСДПнын жетекчиси Сагынбек Абдырахмановду редакцияга чакырып, маек курдук. Анда ЖКдагы КСДП фракциясынын депутаттары Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиеванын  “Биримдик” партиясына кирип жатканы жөнүндө сурап, жооп алдык. Андан кийин, 21-январдагы партконференцияда айткан сөзүн тактадык. Анда ал: «Белгилүү бир саясатчы «Мен Атамбаев кезинде эле КСДПдан чыгып кеткем», – деп атын атабай койгон, ошондон кийин “Иса Өмүркулов эле болсо керек, ал кошоматчы го»,-деген коомчулукта кептер кеткен.

Биз дагы ошол боюнча суроо узаттык. “Сиз атын атабаган депутат Иса Өмүркулов эмеспи жана ал киши парламенттик шайлоого чогуу сиздер менен барам десе, кабыл аласызбы?»,-десек, күлүп жиберди да, анын чечкинсиздигин айтты. «Мен, тээ Атамбаев кезинде эле партиянын тизмесинен чыгып кеткем” деп, кошомат кылгандар да бар. Эми биз Иса Өмүркулов менен партияда 20 жылдан бери бирге болдук, Атамбаевди даңазалап, жаман жагын жашырып, жакшысын ашырдык, бул чындык. Атамбаевдин бузук оюн кеч билдик да, партиянын атына жамынып алып, ал өзүнө гана байлык топтоду да, анын максаты ошол гана болгон экен. Ушундай жаман оюу менен Кыргызстанды жакырчылыкка айлантып койду. Ал эми Иса Өмүркулов ачык позициясын билдирбей жатат, ошондон улам мен ага: “ары кет же бери кет”,- дедим“,-дейт С.Абдырахманов.

Сагынбек Абдырахмановдун айткандарын толугу менен төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Эске сала кетсек, Сагынбек Абдырахманов КСДПнын төрагасы катары былтыр, 18-апрелде Юстиция министрлигине каттаткан жана партиянын дарегин өзгөрткөн. Аталган партияны өзүнө каттата электе ал Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда, «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын түзүп, аны жетектеп, аймактарды кыдырган. Мурдагы күнү, 21-январда «КСДП: кечээ, бүгүн, эртең» аталышта жалпы республикалык конференция өткөрдү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: