Кыргызстан акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти, профессор Арсен Аскеров коронавирустук инфекциясы бар кош бойлуу аялдардын өлүмү тууралуу суроого жооп берди.
Анын айтымында, Кыргызстанда кош бойлуу жана көз жаргандардын арасында каза болгондор бар.
“Ысык-Көлдө бир, Ошто 3, биздин шаардагы мекемеде 3 учур катталган. Аларга интенсивдүү кам көрүү керек, бирок биз терапия канчалык деңгээлде эффективдүү экенин билбейбиз”, – деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө 27 143 коронавирус инфекциясы катталып, 13 109 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Ал эми каза болгондордун саны 1037.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ