Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылган. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, ал суракка бүгүн, 23-июлда саат 9.00дө келиши керек.
Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Кылычбек Султан кыргызстандыктарды 5-августта “Сооронбай Жээнбековго – Импичмент” Нааразылык митингге чыгууга үндөгөн.
Кылычбек Султандын Фейсбук баракчасында мындай деп жазылат:
Нааразылык митингдин датасы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша Демилгечи топ тарабынан такталат.
Нааразылык митингдин негизги талаптары кайдыгер эмес жарандардын сунушун эске алуу менен Демилгечи топ тарабынан макулдашылат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ