Кыргызгидромет борбору маалыматы боюнча, эртең, 24-июлда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Ал эми күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 25-июлда күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн: +18…+23, күндүз: +28… +33,
Таласта түнкүсүн: +16…+21, күндүз: +28…+33,
Баткенде түнкүсүн: +18… +23, күндүз: +33…+38,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн: +18…+23, күндүз: +33…+38,
Ысык-Көлдө түнкүсүн: +10…+15, күндүз: +24…+29,
Нарында түнкүсүн: +5…+10, күндүз: +23…+28,
Бишкекте түнкүсүн +20…+22, күндүз: +31…+33.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ