Menu

ИИМ: Оштогу мейиткананын үч кызматкери адамдын жансыз денесин кайтарып берүү үчүн акча талап кылган деп шектелүүдө

Бөлүшүү:

Ош шаардык мейитканадан соттук-медициналык экспертиза бюросунун үч кызматкери, жабырлануучу Хулкар Исамованын уулунан, жолдошу Улукбек Умаровдун жансыз денесин сойдурбаш үчүн акча талап кылгандыгы үчүн тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу журналисттерге Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу Хулкар Исамова социалдык тармактарда Ош мейитканадан пара талап кылуу фактысы жөнүндө жазгандан кийин, кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

“22-июль күнү, саат 14:00 чамасында, Ош облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунун кызматкерлеринин бири жабырлануучуга 10 миң сом акчасын кайтарып берген.  Ошол эле учурда ал акчаны ИИМдин Тергөө кызматынын тергөө бөлүмүнө алып келип өз ыктыяры менен тапшырган. Ал акча каражаттарына кароо жүргүзүлүп, далил буюм катары таанылган”, – деп билдиришти Ички иштер министрлиги.

Милициядан кошумчалагандай, иликтөөнүн жүрүшүндө мейиткананын үч кызматкеринин катышкандыгы аныкталган. Шектүү деп саналгандар 1967-жылы туулган К.А., 1974-жылы туулган Д.Н. жана 1977-жылы туулган Н.К.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: