Бүгүн, 28-июлда саат 11:00 чамасында Махатма Ганди жана Боталиев көчөлөрүнүн кесилишинде айдоочулар ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу журналисттерге жергиликтүү тургундар билдирди.
Маалыматка ылайык, “Фольксвагендин айдоочусу” Боталиев көчөсү менен бара жаткан. Ал эми башка унаа менен келе жаткан айдоочу аны көздөй айдап, белгисиз буюм менен каптал терезеге сүзүп кеткен.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, “Фольксвагендин” айдоочусу унаасын жолдун жээгине токтотуп, таш алып, жооп катары унаага ыргыткан.
Айдоочу укук коргоо органдарына кайрылды. Окуя болгон жерге Патрулдук милиция кызматкерлери, андан соң Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-оперативдүү тобу барган.
Азыркы учурда тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ