Россиядан келген дарыгерлер 24-июлда Кыргызстандын региондоруна бөлүнүп, жөнөп кетишти.
Адистен турган топ Ак-Талаа районуна, Ак-Суу районуна, Токмок аймактык ооруканасында, Ош жана Жалал-Абад облустарына жөнөтүлдү.
Алар бир айга жакын калышат. Ушул убакыттын ичинде алар COVID-19 менен ооругандарга жардам уюштурууга көмөк көрсөтүшөт, кызыл зонада иштешет жана бейтаптарды дарылоодо практикалык жардам көрсөтүшөт.
Россиялык 50 адистен турган 5 топко – хирургдар, кардиологдор, терапевттер, педиатрлар, травматологдор, анестезиолог-реаниматологдор, жугуштуу оорулар боюнча адистер, пульмонологдор жана коронавирустук инфекция менен ооругандарды дарылоо тажрыйбасы бар башка адистер кирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ