Бүгүн, 30-июлга карата Кыргызстанда бир суткада коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан 17 адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Бишкек шаары – 9
Чүй облусу – 2
Нарын облусу – 2
Жалал-Абад облусу – 4
Муну менен өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 1364.
Эскерте кетсек, бүгүн Республикада коронавирус жана пневмония илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 35 миң 143. Ал эми бул илдеттен 24 474 адам айыгып, ооруканалардан чыгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ