Бүгүн, 2-августтун таңына карата өлкөдө дагы 420 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Алардын ичинен:
Бишкектен – 112 киши
Ысык-Көл областынан – 98
Жалал-Абад областынан – 79
Ош областынан – 55
Баткен областынан – 21
Ош шаарынан -19
Нарын областынан – 15
Чүй областынан – 13
Талас областынан – 8 киши.
Пандемия Кыргызстанга келген март айынан бери өлкөдө 36719 кишиден коронавирус аныкталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ