Акыркы бир сутканын ичинде өлкөдө коронавирустан 12 адам көз жумду. Бул тууралу бүгүн, 2-августта коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Алардын ичинен:
– Бишкектен– 4 киши
– Жалал-Абад областынан – 3
– Чүй областынан – 2
– Ош областынан – 1
– Нарын областынан – 1
– Ысык-Көл областынан – 1.
Кыргызстанга коронавирус эпидемиясы келген март айынан бери бул илдеттен 1409 адам көз жумду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ