Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Аймактардагы ички жолдордун ремонту өзгөчө көзөмөлдө

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-августта, Ысык-Көл облусунун ички жолдорун реконструкция кылуу жана курулуш иштери менен таанышты.

Каракол шаарында башкы көчөлөрдүн бири болуп саналган Жусуп Абдрахманов көчөсү оңдолуп-түзөлүүдө. Бул жол 1970-жылдан тартып оңдоло элек.

Жалпы наркы 74 млн сом болгон бул жолдун ремонту 2020-жылдын 1-ноябрына карата аякташы керек. Долбоорду Ысык-Көл облусунун Өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекция каржылоодо.

Президентке аталган жолдун жалпы узундугу 2,3 километрди түзөөрү маалымдалды. 2019-жылы аталган жолдун Карасаев көчөсүнөн тартып Коенкөзов көчөсүнө чейинки 673 метр бөлүгү реконструкцияланган.

Бүгүнкү күндө Абдрахманов көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн тартып Пржевальск көчөсүнө чейинки 1100 метр аралыктагы (айланып өтмө жолу) бөлүгүндө капиталдык иштер башталды.

Мамлекет башчысы ошондой эле Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылындагы жолдордун ремонтунун жана курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анын ичинде, айылдын үч көчөсүнө асфальт төшөлүүдө, иштин жыйынтыкталышы үстүбүздөгү жылдын 25-августуна пландаштырылган. Бул максатка 15 млн сом бөлүнгөн.

Теплоключенка айылында Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү кеңештин депутаттары менен баарлашты, өлкө аймактарын өнүктүрүү маселелери, анын ичинде транспорттук коммуникацияны жакшыртуу жөнүндө пикир алышуу болду.

«Өткөн жылдары ички жолдордун көйгөйүнө аз көңүл бурулган, жергиликтүү тургундар жолдордун абалынын начардыгы боюнча арызданып келишкен, айрым аймактарда жолдор талкаланып калган. Азыр ички жолдорду куруу жана оңдоо өзгөчө көзөмөлдө турат», — деп Президент жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатка ылайык, республикалык бюжеттен жыл сайын район борборлорунда 3 км кем эмес жолдордун оңдолуп жатканы тууралуу эске салды. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча 2019-жылы 40 райондун борборунда жана 8 шаарда 140 километрге жакын жол асфальтталган. Үстүбүздөгү жылы 150 км жолун асфальттоо пландалууда.

   

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 85 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: