Буга чейин 2004-ж.т. С.Н. жана 2005-ж.т. С.Н. 2020-жылдын 18-июль күнү Кочкор-Ата шаарынан үйгө кетебиз деп чыгышкан бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Бул тууралу Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.
Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарыяланган маалыматтан соң бир тууган кыздардын болжолдуу жүргөн жери аныкталган. Ноокен РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө, издөө иштеринин натыйжасында өспүрүм кыздар Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан табылып, Ноокен районуна алып келинип, апасына өткөрүлүп берилген. Кыздарды сураган учурда Кызыл-Кыяга тааныштарыныкына кетип калгандыгын билдирген.
Өспүрүмдөрдүн апасы кыздары аман табылганына сүйүнүп, милицияга жана жакындан колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ