Бишкекте айдоочу унаасы менен 6 жашар баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу журналисттерге жабыркаган баланын апасы билдирди.
Анын айтымында, кырсык 29-июлда “Дордой” базарынын жанында болгон. “Honda Stepwgn” унаасынын айдоочусу жолдон өтүп бара жаткан баланы сүзүп кеткен.
«Менин уулум жаракат алды, азыр ал баарынан коркуп жатат. Ооруканадан чыгардык, анткени ал жерде орун жок. Айдоочу өз күнөөсүн мойнуна албай жатат жана баланын дарылануусуна акча төлөгөн жок. Ал менин баламды атайылап трассага чуркап келди деп жатат. Тергөөчү эч кандай чечим чыгарган жок, унааны айып короочу жайдан чыгарып, алып кетишти», – деди жабырланган баланын апасы.
Борбор калаадагы ички иштер башкармалыгы кырсык фактыны тастыктады. Бөлүмдүн маалыматы боюнча, тергөөчү соттук-медициналык экспертизага буйрук берген жана учурда бул иш боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ