Бүгүн, 10-августка карата өлкөдө бир суткада коронавирус инфекциясынан жана пневмониядан 6 адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Бишкек шаары – 3
Жалал-Абад облусунда – 1
Ысык-Көл облусу – 1
Баткен облусу – 1
Муну менен өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 1474.
Бүгүн Республикада коронавирус жана пневмония илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 40 миңден ашты. Ал эми, коронавирус жана пневмониядан айыгып, ооруканадан чыккандардын саны бир суткада 407 адамды түздү. Оорудан айыккандардын жалпы саны 32 миң 229 адамга жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ