Балыкчы шаарындагы турмуш шарты оор 10 үй-бүлө турак жайлуу болуунун алдында турат. Мындай маалыматты Балыкчы шаарынын баш имам хатиби Чойбек ажы Исакунов билдирди. Баш имам хатибдин айтымында барак тибиндеги үйлөр 5 бөлмөлүү болуп, атасынан ажыраган балдарга жана жакыр үй-бүлөлөргө берилмекчи. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы маалымдайт.
«Буга чейин салынган 2 үй толугу менен бүткөрүлүп, ачкычтары тапшырылды. Чындыгында бей-бечара, жетим-жесирлер үчүн курулган үй бүгүнкү мезгилде абдан зарыл болуп турган мезгили. Турак жайды куруп жаткан «Ас-Салам» фондуна эл ыраазы»,-деди Чойбек ажы Исакунов.
Эскерте кетсек, «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду тарабынан Балыкчы шаарында турмуш-шарты оор, жетим-жесирлер үчүн атайын барак тибиндеги үйлөр салынууда. Бүгүнкү күнгө чейин алардын экөө бүткөрүлүп, өз ээлерине ачкычтары тапшырылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ