Menu

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна катышып, бирок күнөөсүн моюнуна алышып, тергөө менен келишим түзгөндөр айыппулга жыгылышты

Бөлүшүү:

Бишкектеги Свердлов райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча 10 айыпталуучуга карата ишти карап чыкты. Бул тууралуу журналисттерге Башкы прокуратуранын кылмыш жана жарандык процесстер бөлүмүнүн башчысы Кумарбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, ондогон мурдагы аткаминерлер жана дарыгерлер айып пул төлөөгө өкүм болушкан. Алардын бардыгы мурда тергөө кызматы менен келишим түзгөн.

“Лаборант Ирина Цопова, онколог Эмил Макимбетов, өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Марат Бекенов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Канатбек Бектемиров, экс-судья Жапар Эрматов жана адвокат Али Касымов 260 миң сом айыпка жыгылышты. Жазаларды аткаруу кызматынын медициналык-санитардык камсыздоону уюштуруу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Акылбек Асанов, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын дарыгери Фархад Атаходжаев, экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов жана экс-ички иштер министри Зарылбек Рысалиев 300 миң сом айыпка жыгылышты”, – деди Кумарбек Токтакунов.

Учурда кылмыш иши козголгон Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча 19 адам айыпталууда. Булар дарыгерлер жана лаборанттар, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү жана башка жогорку кызматтагы адамдар, анын ичинде мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: