Menu

COVID-19: Түркмөнстанда бюджет кызматкерлери медкароодон өтүүгө мажбурланууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстан бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин четке какканы менен Ашхабадда бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди медициналык кароодон өткөрүүгө мажбурлоо уланууда. RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы кызматкерлер медкароодон өтпөө үчүн пара берип жатышканын маалымдады.

Редакциянын кабарчысы билдиргендей, 10-августтан бери жергиликтүү бийлик «Ашхабаджылуулук» трестинин кызматкерлерин экинчи жолу медициналык кароодон өтүүгө мажбурлап жатат.

Бул үчүн медициналык кепилдиги бар жумушчулар 17 манат, (Борбордук Банктын курсу боюнча 4,8 манат), кепилдиги жоктор 33 манат (9,4 доллар) төлөшүүдө.

Бул арада 15-августта аймактардагы студенттерди Ашхабадга ташыган поезддер борбор калаага жетпей токтотулганы айтылууда. Жолдо студенттерди вагондордон түшүрүшүп, температураларын өлчөшүп, андан соң жатаканаларга эки жумалык карантинге алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 33 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: