Menu

Кара-Көл шаарында бир киши түн ичинде кызын зордуктаган баладан өч алуу үчүн анын энесин зордуктап салды

Бөлүшүү:

Кара-Көл шаардык соту аялды зордуктоо боюнча өкүмгө даттануу мөөнөтүн калыбына келтирди. Чечимди 2020-жылдын 13-июлунда шаардык соттун судьясы Нурлан Миркамилов кабыл алган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, 2020-жылдын 2-апрелинде саат 04:30 чамасында А.уулу.Э Кариманын үйүнө кирип кеткен. Үйдө аял жалгыз болгондуктан, А.уулу.Э конок бөлмөсүнүн терезелерин сындырып, жарыкты өчүрүп, үй ээсине кол салды: “Сенин уулуң менин кызымды зордуктаган, ошондуктан мен сенден өч алам”, – деген ал. Ошол эле учурда, эркек, эгер аял кыйкырса, анын курсагына бычак сайам деп коркуткан. Күч колдонуп, ал Кариманы зордуктап, андан кийин окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 161-берене, 1-бөлүгү (“Зордуктоо”) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Тергөөнүн жыйынтыгында иштин материалдары сотко жөнөтүлдү.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө Кариманын жеке айыптоону четке кагып жатканы жөнүндө каршы арызы түшкөнү белгилүү болду. Тараптардын элдешүүсүнө байланыштуу, сот А.уулу.Эни кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, процессти токтоткон.

Ошентип, шаардын тургуну Карима (аты өзгөртүлгөн К.З.Б.) 1963-жылы туулган, Кара-Көл шаардык сотунун 2020-жылдын 12-майындагы өкүмүнө даттануунун мөөнөтүн калыбына келтирүү өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Сот отурумунда ал биринчи инстанциядагы соттун чечими почта аркылуу 28-майда жеткирилгенин айтты. Адвокаттар менен талкуулоодон кийин, ал кийинки инстанцияда даттануу мөөнөтүн өткөрүп жибергендигин билди.

Натыйжада, шаардык сот аппеляциялык мөөнөттү калыбына келтирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: