Menu

Түркияда кылмыш дүйнөсүнүн анабашыларынын бири өлтүрүлгөнү кабарланууда

Бөлүшүү:

20-августта бир катар түрк маалымат каражаттары Анталья шаарында Азербайжан менен Орусиянын кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири Надир Салифов атып өлтүрүлгөнүн кабарлашты.

Кылмышкерлер чөйрөсүндө «Лоту Гули» деген каймана ат менен таанылган ал адамды «Коммерсантъ» басылмасы «мурдагы СССР аймагындагы эң белгилүү мыйзамдагы ууру» деп жазган.

Түркиялык «Sabah» порталы Салифов тууралуу кабарында ресторанда эки киши тамактанып отуруп, бири экинчисин башка атканын, шектүү Анталья-Денизли жолунда кармалганын жазды.

Салифов «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин бар аракетине карабай көз жумганын «Haberturk» билдирди.

Улуту азербайжан, 47 жаштагы Надир Салифов кылмыш дүйнөсүнө жаштайынан аралашкан. «Уурулук», «Бандитизм» жана «Адам уурдоо» беренелери менен соттолуп, 22 жыл Азербайжандын түрмөсүндө отурган. Эркиндикке чыккан соң фамилиясын өзгөртүп, чет өлкөгө чыгып кеткен эле. Ага Орусияда бир топ берене менен кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: