Menu

Токмокто келин күйөөсү менен кайнатасын бычак менен коркуткан. Алар анын бычагын тартып алып, сабап салышкан

Бөлүшүү:

Токмокто келин кызганычтан улам күйөөсү менен кайнатасын бычак менен коркуткан. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.

Маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын 14-майында болгон. Саат 23:00 чамасында айыпкер Я.Ш. үй-бүлөлүк уруштун негизинде 1988-жылы туулган аялын сабаган.

Сотто айыпталуучу Я.Ш. күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган.

“Мен намаз окугандан кийин бөлмөмө акча алганы кирдим. Аялым телефонуман мурунку жубайыман келген SMS билдирүүлөрүн окуптур. Аялым кызганып, бычакты алып коркутту” – деп соттолуучу билдирди.

Ал кошумчалагандай, аялынан тынчтануусун суранган. Бул учурда атасы келип, эшикти ачты. Бирок аялы бычакты таштабастан коркута берген.

“Атам экөөбүздүн ортобузда туруп, келининен тынчтанышын сурады, ал макул болгон жок. Ошондо мен аны чачынан кармадым, атам колунан бычакты алды, ошол кезде ал атамдын колун кести. Натыйжада, ал диванга отуруп, канды көргөндө тынчып калды. Мен аны бир нече жолу чаап жибердим. Соттон катуу жаза бербөөнү суранам”, – деди айыпталуучу.

Сот залында жабырлануучунун айтымында, күйөөсү жана анын ата-энеси менен жашаган жана ушул жылдар бою күйөөсү сабап келген.

Тараптардын пикирин уккандан кийин, сот айыпталуучунун мурда сот жообуна тартылбагандыгын, анын жаштыгын, акыркы сөзүндө кылган ишине чын жүрөктөн өкүнгөнүн эске алды. Жыйынтыгында аны коомдук жумушка 50 саатка тартышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: