Бүгүн, 22-августка карата өлкө боюнча дагы 186 адамдан коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.
Бишкек шаары – 51;
Ош шаары – 3;
Чүй облусу – 12;
Ош облусу – 25;
Талас облусу – 8;
Ысык-Көл облусу – 35;
Жалал-Абад облусу – 36;
Баткен облусу – 16.
Муну менен өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 42 миң 889.
Өткөн суткада 225 бейтап коронавирус илдетинен айыгып чыкты. Жалпы бүгүнкү күндө 36 миң 56 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ