Укук коргоо органдары тик учактан белгисиз зат чачылып жатат деген социалдык тармактарда жалган маалымат тараткан жарандарды издеп жатышат. Бул тууралуу кечээ, 23-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ ӨКМ бул маалыматты четке кагып, жарандарды жалган маалымат таратпоого үндөдү.
“Ички иштер министрлигинин ыкчам кызматтары жалган маалымат тараткан адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө”, – деп билдирди басма сөз кызматы.
Милиция жалган маалыматтарды таркатпоону жана дүрбөлөңгө түшпөөнү сунуштайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ