Menu

Нур-Султанда 30дай киши ипотека боюнча насыя мунапысын талап кылды

Бөлүшүү:

24-августта Нур-Султанда Казакстандын аймактарынан келген бир топ адам Акорда резиденциясынын алдында чогулуп, бийликке талаптарын айтты. Ипотека боюнча карызы бар кишилер жеңилдик берүүнү сурашты.

Активист Канагат Такееванын айтымында, ипотекалык карызды кайта каржылоого өкмөт 44,6 млрд теңге бөлгөн. Программа ишке киргени менен бир нече жылдан бери насыя шарттарын жеңилдетүүнү талап кылган кишилер жардамдан кур калышкан.

–Дагы четте калдык. Банктар карызыбызды кайра каржылоодон баш тартышты. Бир дагы банк макул болгон жок. Акча бөлүнгөн, бирок мүмкүнчүлүк жок. Көчөгө ээриккенден чыккан жокпуз. Жогору тараптан кандайдыр бир реакция болор деген үмүттө чыгып отурабыз. Чынын айтсак, нары-бери түрткүнчүк болуудан чарчадык, – деди ал.

Чогулгандардын арасында жалгыз үйүнөн айрылып, көчөдө калгандар көп. Активист Канагат Такеева биринчилерден болуп дал ушул кишилерге жардам берүүнү сурады.

Топтолгон кишилерге Есил райондук акимчилигинин өкүлү чыгып, бул чогулуш мыйзамсыз экенин эскертти. Полиция окуяга алыстан көз салып турду, кийлигишкен жок.

Бир нече убакыттан кийин кишилер президенттин кеңешчиси Тамара Дүйсенова менен жолугуу үчүн президенттин администрациясын көздөй жөнөштү.

Такееванын айтымында, президенттин кеңешчиси 25-августта карызкорлор менен онлай-конференция өткөрүүгө убада берген. Ага Жогорку сот, Улутту банк, Юстиция министрлиги, Жеке сот аткаруучулар палатасы жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − 16 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: