Чүй облусунун Токмок шаарында бир үй-бүлө тамактан ууланып ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Бул маалымат шаардык ооруканада тастыкталып, үй-бүлөсү бир жума дарыланып, андан кийин үйүнө жөнөтүлгөнү кабарланды.
«Кыязы, алар убактысы өтүп кеткен бир нерсени жешти. Үч чоң киши жана эки бала ичеги-карын инфекциясы менен ооруканага жаткырылды», – деп айтылат билдирүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ