Москва районунда денеге оор залал келтирген деген шек менен 35 жаштагы З.С. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 27-июлда аймактык ооруканадан бычактан жаракат алган адам кайрылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Жаракат алган адам 41 жаштагы П.Р. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Ден-соолукка олуттуу зыян келтирүү” беренеси боюнча катталган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү адам кармалган.
“Алдын ала маалыматтар боюнча, эркектер чогуу ичимдик ичишкен. Алардын ортосунда жаңжал чыккан. Талаш-тартыш учурунда шектүү каршылашынын курсагына жана далысына бычак сайган. Учурда жабырлануучунун абалы канааттандыраарлык деп бааланууда”, – деп билдиришти милиция бөлүмүнөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ