Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жергиликтүү бийликтерге 10-июлдан тарта региондор аралык жүргүнчү ташыган коомдук транспорт жана таксилерди токтотууга буйрук берди. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Буйруктун негизинде, эртең, 10-июлдан баштап 20-июлга чейин облустар аралык каттамдар токтотулат.
Муну менен бирге губернатор облустун райондорунун ортосундагы санитардык-карантиндик постторду күчөтүүнү тапшырды. Кандайдыр бир майрамдарды өткөрүүгө жана жаратылышка барып, эс алууга тыюу салды.
“Той-топурларды өткөрүүгө тыюу салууну четке каккандарга, дары-дармектерге жана тамак-ашка болгон бааны көтөргөндөргө мыйзамга ылайык катаал чаралар көрүлөт” – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, ал Ош облусунун казыятына мечиттерде жума намазын окууну убактылуу токтотуу сунуш кылды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ