24 жаштагы ЭТУ мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 5-февраль күнү билдирди.
Алардын айтымында, 2019-жылдын аягында эл аралык террористтик уюмдун катарына Сирия Араб Республикасы аркылуу өтүүнү пландаштырып, Кыргызстандын аймагынан чыгып кетип, ЭТУ тапшырмасы боюнча кайрадан КР аймагына келип, алардын пайдасына пропагандалык ишти уюштурган 1996-ж.т. «Ю.М.» кармалган.
Сотко чейинки өндүрүштүк материалдын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ