Menu

Жалал-Абадда ири суммадагы уурулукка шектелип 47 жаштагы жаран кармалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абадда ири суммадагы уурулукка шектелип 47 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө 52 жаштагы М.Д. арыз менен кайрылып, 2020-жылдын январь айынын башында Жалал-Абад шаарындагы үйүнө белгисиз кылмышкерлер эч ким жоктугунан пайдаланып, үй ичине мыйзамсыз кирип, ага таандык болгон алтын, акча жана үй буюмдарын уурдап кетишкендигин билдирип, жалпы келтирилген чыгым 300 000 сомго жакын экендигин көрсөткөн.

2020-жылдын 14-январь күнү аталган арыз боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши
башталган.

Милиция тарабынан аталган кылмыштын бетин ачуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү Сузак районунун 1973-ж.т. тургуну М.А. экендиги аныкталган. 2020-жылдын 16-июнь күнү Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы тарабынан шектүүнүн бөгөт коюу чарасы кармалган жеринен камакка алуу
токтому кабыл алынып, издөө иши ачылган.

2020-жылдын 25-сентябрь күнү издөөдө жүргөн Сузак районунун тургуну 1973-ж.т. М.А. аттуу жарандын жүргөн жери аныкталып, Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: