Бүгүн, 9-октябрда КСДП төрагасынын орун басары, мурдагы президент А.Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаеваны ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырышты.
К.Жолдубаева азыр үй камагында. 10-августтан 11-августка караган түнү сурактан кийин тергөөчүлөр Кундуз айымдын мобилдик телефонун алып коюшкан. Жолдубаева укук коргоо органдарынын мындай аракетине арызданарын билдирген. Негизинен К.Жодубаева Кош-Таш окуясы боюнча күбө катары өтүүдө.
Бирок абакта олтурган КСДПнын саясый кеңешинин мүчөсү Алга Кылычев 7-8-августта Алмаз Атамбаев бийлик алуу үчүн мамлекеттик төңкөрүшкө даярданганын, ал кутумга Кундуз Жолдубаева да активдүү катышканы тууралу көрсөтмө берип жатат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ