Menu

Адилет Айтикеев, бозгундагы журналист: “Самозванка апченин кеги жана кызыкчылыгы эмнеде?”

Бөлүшүү:

Бул эжеке экс-президент аталып, мурда Атамбаевдин жанында иш-чараларга катышканына сүйүнүп жүрсө, азыр Жээнбековду жандап, ал гүл койсо кошо гүл коюп, бата кылса бата кылып, айтор эл алдында экс-президент аталып жүргөнүнө эле ыраазы. Бир тууган инисин мурда Атамбаевге жагалданып Германияга, андан кийин Россияга элчи кылган. Эми Жээнбековго кошоматтанып, ал инисин АКШга элчи кылды. Роза Исаковна ошого эле ыраазы. 2016-жылга чейин Атамбаевдин бардык саясатына көз жумуп, аны мактап келди. Атамбаев Кыргызгазды сатканда дагы, оппозицияны четинен камаганда дагы, а түгүл Манас аэропортун орустарга сатам дегенде дагы анын бардык саясатына макул болуп, үн катпай келди. Бир ирет кеңсесине барып жолукканда Атамбаев Кыргыз Республикасынын эгемендигин орустарга байлап берип жатат, сиз үн катып турбайсызбы десем, “Эми муну деле туура түшүнгүлө да, тиягынан Ташиев менен Келдибеков шаштысын кетирип жатса, биягынан башка душмандары чыгып жатса, бул бечара айла жок орустарга жамынып жатат да. Анан эмне кылсын? Сен ызылдап эле жамандап жаза бербей, бир аз анализ кылчы” деп менин оозумду Ошту караткан. Ошондо бул апче үчүн Кыргыз Республикасынын эгемендиги, өнүгүүсү, элдин тагдыры бир тыйын экенин түшүндүм. Буга эптеп өз курсагы тойсо болду.

Азыр деле ошол. Эптеп экс-президент аталып жүрө турса, мамлекеттин машинесин минип, жанында 1-2 күзөт кайтарып жүрсө, иниси элчи болуп турса, бул ошого эле ыраазы. Атамбаевге каршы пикир билдиргени ал элди ойлогонунан эмес, бир жагы Жээнбековго жагалданып, экинчи жагынан баягы 2016-жылы 31-августта аянтта Атамбаев “Самозванка” деп койгонуна кектеп жүрөт. Эгер бул себептер жок болгондо, азыр кыйкырып ошол жерде жүрмөк.

Бул самозванка кайсы эмгеги үчүн экс-президент болуп жүрөт? Акаев менен Бакиев Кыргызстанга канча эмгек кылышты, бирок, алар Убактылуу өкмөт жасаган кыянат иштерди жасаган эмес. Алар статустарынан ажыратылган. А бул 1,5 жыл Кыргызстанды ары-бери чайпап, баарын талкалап, Атамбаевди жалган шайлоо менен президент кылып кеткени үчүн азыр экс макамын алып жыргап отурат? Кайсы эмгеги үчүн? Самозванка…

Адилет Айтикеев, бозгундагы журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: