6 жаштагы өспүрүмдү сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 25-августта саат 14:30 чамасында Ысык-Ата районунда катталган. Анда “Ауди” үлгүсүндөгү унаа жолдо 6 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден балага жардам бербей качып кеткен.
Бала жаракат алып, анын ичинде буту сынып, ооруканага жеткирилген.
Айдоочунун өздүгү аныкталып, ал 1973-жылы туулган жаран Р.К. 47 жаштагы жаран кармалып, ак түстөгү “Ауди 100” үлгүсүндөгү унаа айып токтотуучу жайга коюлган.
Жол кайгуул кызматы кырсык болгон учурда айдоочу мас абалда болгонун билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ