Menu

Экс-депутат Садыр Жапаров президенттикке талапкерликтен четтетилди

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров президенттикке талапкер катары ат салышуудан четтетилди. Мындай чечим бүгүн, 10-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги отурумунда чыгарылды.

БШКнын мүчөсү Елена Джилкичиеванын айтымында, документтерди кабыл алуу боюнча кызматчы топ С. Жапаровдун 20-июлда берген арызын карап чыккан.

Ал, ИИМдин маалымат борборунун маалыматтарына ылайык, Жапаров 2013-жылы бир нече статья боюнча соттолгонун, анын ичинде “бийликти күч менен басып алуу аракети” да бар экенин белгиледи.

“Мыйзамга ылайык, жаран Жогорку Кеңештин депутаты же өлкөнүн президенттигине ат салыша албайт, эгерде анын соттолуусу өчүрүлбөсө. Жапаров болсо соттолгон”, – деп билдирди Джилкичиева. Аны менен бирге ал шайлоого карата ат салышуудан Жапаровду алып салууну сунуштады.

БШКнын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова “ИИМ бирдиктүү жооп берсин: соттолуптурбу же жокпу” деп сурады.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова өз учурунда “ИИМ БШК кандай сураса дал ошондой жооп берүүгө милдеттүү эмес, алар өздөрүнө ылайык жооп беришет”,  – деди.

А. Абдрахматова бул суроону чечүү үчүн жетекчиликтердин өкүлдөрүн чакырып, таза жооп алуу үчүн чечим чыгаруу убактысын жылдырууну өтүндү. Аны Назарали Арипов дагы колдоду.

Бирок талкуунун аягында бул суроо добушка коюлуп, 8 адам Жапаровду шайлоодон четтетүүгө макулдугун берип 3өө каршы чыгып, жыйынтыгында Садыр Жапаров талапкерлик жарыштан алынып салынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: