Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Исфана шаарындагы суу менен жабдуу тутумун калыбына келтирүү” долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана гранттык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.
Келишимдин алкагында долбоорду ишке ашыруу багытында 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен 5 млн евро көлөмүндө каражат берилмекчи. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 3 жыл. Каражаттын 1,6 млн евросу жеңилдетилген насыя жана 3,4 млн евросу грант болуп саналат.
Белгилеп кетүүчү нерсе, долбоордун жыйынтыгы менен 33 900 адам таза суу менен камсыз болуусу күтүлүүдө. Ошондой эле эл арасындагы сапаты начар таза суудан жуккан оорулардын саны кыскарат. Аталган долбоор жалпысынан өлкөнүн суу тармагынын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ