Menu

Премьер-министр Кубатбек Боронов: «Ак-Жол» өткөрмө жайын реконструкциялоо экспортко чыгуучу ата мекендик ишканаларга шарт түзүүгө багытталган

Бөлүшүү:

Премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги «Ак-Жол – автожол» көзөмөл-өткөрмө жайына барып, аны реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышты.

Өкмөт башчы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайында курулуп жактан имаратты жана реконструкцияланып жаткан инфраструктурасын көрүп чыкты.

«Көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоодо комплекстин курулушу, инфраструктурасын модернизациялоо, заманбап техника жана жабдуулар менен камсыздоо каралган. Бул өз кезегинде «Ак-Жол – автожолдун» жөндөмдүүлүгүн кеңейтип, көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу жарандардын өтүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүүнү камсыздайт», – деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле Премьер-министр Кыргызстанды Евразия экономикалык бирлигине интеграциялоонун алкагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги көзөмөл-өткөрмө жайларын модернизациялоо жана реконструкциялоо экспортко чыгуучу ата мекендик ишканаларды колдоого жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгиледи.

«Мамлекеттин имиджи көзөмөл-өткөрмө жайларынын сырткы көрүнүшүнө көз каранды. Анткени өлкөгө келип жактан туристтердин Кыргызстан тууралуу таасирлери ушул чек арадагы өткөрмө жайларынан калыптанат.

Ошондуктан реконструкциялоодо тышкы көрүнүшүнө да көңүл буруу керек. Ошол эле учурда модернизациялоо иштери сапаттуу жүргүзүлүүгө тийиш», – деди Өкмөт башчы.

«Ак-Жол – автожол» көзөмөл-өткөрмө жайын модернизациялоо иши 2020-жылдын март айында башталган. Жаңылоо иштерин 2020-жылдын декабрь айында аяктоо пландалды. Модернизациялоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Буга чейин «Ак-Жол – автожол» көзөмөл-өткөрмө жайынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 10-11 миң адамга жана 800-1000 унаа каражаттарына чейин болчу. Модернизациялоо аяктаганда өткөрүү жөндөмдүүлүгү эки эсе көбөйөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: