Menu

АКШ Президенти Дональд Трамп Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Көз карандысыздык күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-августта Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Көз карандысыздык күнү менен куттуктады.

«Мен Кыргыз Республикасынын акыркы 29 жыл ичинде демократиялык баалуулуктарын жана көз карандысыздыгын коргоодогу бекем туруктуулугуна суктанам. Көз карандысыздыкты алган күндөн тартып Америка Кошмо Штаттары Кыргызстандын өсүп келе жаткан экономикасын, демократиялык институттарын курууга жана адам укуктарын урматтоону камсыз кылууга карата жасаган иш-аракеттерин колдоого 2 миллиард доллардан ашуун көмөк көрсөттү. АКШнын Тынчтык корпусу жана башка алмашуу программалары биздин элдерибиздин ортосунда бекем байланыштарды түздү. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда түзүлгөн мамилелер Америка Кошмо Штаттарынын да, Кыргызстандын да элдерине пайда алып келүү багытында өнүгөт деп ишенем», – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: