Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку соттун имаратында митинг башталды. Митингге келгендердин арасында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, активисттер, “Кыргызстан” партиясынын колдоочулары жана башка партиялардын өкүлдөрү бар.
Шайлоо үчүн саясий уюмдун катталышына каршы чыккандар – шайлоо өнөктүгүнө катышкан башка партиялардын мүчөлөрү соттун акыйкат чечим кабыл алышын каалашат. Алардын айтымында, алардын “Кыргызстан” партиясына карата жеке талаптары жок, бирок соттун объективдүү чечимин жакташат.
Эскерте кетсек, “Кыргызстан” партиясы документтерди тапшыруу менен кечигип келген. Анын лидери Канат Исаев алардын документтери убагында тапшырылган деп ырастаган. Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен саясий бирикме жарыштан четтетилген. Канат Исаев шайлоо комиссиясынын чечимине каршы даттануу үчүн сотко кайрылган. Сот “Кыргызстандын” пайдасына чечим чыгарды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ