Сокулук райондук соту өзгөчө кырдаал учурунда Улуттук гвардиянын кенже сержантын сүзгөн адамды актады. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.
Жабырлануучу айдоочуга каршы арыз жазган.
«Соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучу кенже сержант аны токтоткондо, башка айдоочулар ага сигнал басышканын билдирген. Ал киши айдап кетүүнү каалаган, бирок аскер кызматкери анын капотуна секирип кеткен. Шок абалында айдоочу газды баскан, бирок башкаруусун жоготуп, бакты сүзгөн», – деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, жабырлануучу сотто оор жаракат алганын, дарыланууга муктаж экендигин, бирок айдоочуну кечиргенин жана ага эч кандай дооматы жок экендигин билдирген.
Эскерте кетсек, май айында Сокулук районунда “Subaru Legacy” унаасынын айдоочусу өткөрүү пунктунда турган аскер кызматкерин сүзүп кеткен. Кагылышуудан кийин айдоочу бакты сүзүп алган. Жабырлануучу башынан катуу жаракат алган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ