Menu

Сузакта касапкананын кожоюну кароолчуну муздаткычтан бир кесим эт уурдагандыгы үчүн сабаган

Бөлүшүү:

Сузак районунун айылдарынын биринде касапкананын ээси кароолчуну эт уурдагандыгы үчүн сабаган. Бул тууралуу соттун чечиминде айтылат.

Маалыматтарга ылайык, соттолуучу А.Н. 2020-жылдын 1-январында саат 12:00 чамасында касапканасына келип, муздаткычка таштап кеткен бир кесим этин таппай калган. Ал камералардагы видеожазууларды карап, этти касапканада кароолчу болуп иштеген киши алганын көрөт. Ал кароолчуну издеп, спирт ичимдигин ичип отурган жеринен тапкан. Уурулук кылганын моюндагандан кийин айыпталуучу кароолчуну бир нече жолу башка, денесине урган.  Андан кийин ал кароолчуну касапканага алып келип, колдорун байлап, сарайда эки саатка калтырып кеткен.

Белгилүү болгондой, кароолчу карындашынын үй-бүлөсүн жаңы жылы менен куттуктап, этти алып барган. Анын жээни этти кайра артка кайтарып алып келген.

Сот отурумунда айыпталуу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, кароолчунун колун байлап, сарайда мажбурлап кармабаганын айткан.

Жабырлануучу этти муздаткычтан алганын, А.Н. аны бетке бир нече жолу урганын айткан. Ошондой эле, мас абалда болгондуктан көп нерсе эсинде жок экенин билдирген.

Ал ошондой эле, касапкананын кожоюнун кечиргенин жана ага карата арыз жазууга ниети жок болгонун кошумчалаган. Ал эми денесиндеги жаракаттарды окуя болгон күнү эмес, андан бир нече күн өткөндөн кийин дүкөндүн жанында турган жаш балдардан спирттик ичимдик алып беришин талап кылып жатканда алганын айткан.

“Эркек балдар мени сабап, оор абалда ооруканага түштүм. Мен ооруканада жатканда, балам касапкананын кожоюнуна каршы ары жазыптыр” – деген кароолчу.

Сот эки тараптын пикирин угуп, жабырлануучунун тосмо арызын эске алып, кылмыш ишин токтотту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: