Октябрь райондук соту Бишкек шаарынын тургунун 48 саатка коомдук жумушка тартуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу кечээ, 8-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим ал тургун өзүнүн кызын ургандыгына байланыштуу келип чыккан.
Окуя ушул жылдын 5-январында болгон. Бишкек шаарынын тургуну кызы менен урушуп, андан кийин аны сабап салган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 75-беренеси (“Үй-бүлөлүк зомбулук”) боюнча катталган.
2020-жылдын 12-мартында сот аялды ушул берене боюнча күнөөлүү деп таап, коомдук жумушка 48 саатка тарткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ