Menu

Бишкекте илбирстин терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылган жигит кармалып, кайра бошотулду

Бөлүшүү:

Бишкек шаарындан илбирстин терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматтарга ылайык, буга чейин милицияга “20-25 жаштагы белгисиз жигит сейрек кездешүүчү жапайы жаныбардын терисин көтөрүп жүрөт жана аны сатууга аракет кылат” деген маалымат келип түшкөн.

Иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери жапайы жаныбардын терисин сатууга аракет кылган жарандын жүргөн жерин аныкташкан.

Жапайы жаныбардын терисин сатуу учурунда, 20 жаштагы Э.Э. кармалган. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин “Балыктарды же суу жаныбарларын мыйзамсыз аңчылык кылуу жана кармоо” беренеси боюнча катталган. Ал Биринчи май РИИБне жеткирилип, сурактан кийин үйүнө бошотулуп, милицияга чакырганда келүүгө милдеттендирилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: