Бүгүн, 9-сентябрда Бишкектин административдик сотунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын БШКнын чечимине каршы доо арызын кароо улантылат.
Учурда партиянын тарапташтары мекеменин алдына чогулушууда.
Сотко партиянын лидери Адахан Мадумаров келди.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясын каттоодон баш тарткан.
Эске сала кетсек, 3-сентябрда БШК 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин съездден кийин оңдолгон деп партияны каттоодон баш тарткан. БШКнын чечимин саясий чечим деп баалаган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы сотко кайрылган. 7-сентябрда Бишкектин административдик соту “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын БШКнын үстүнөн жазган доо-арызын кароону 9-сентябрга саат 11:00гө жылдырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ